5-16-март күндөрү Бишкек шаарында өткөн эркин күрөш боюнча мелдеште Каниет Ажыманов Жалал-Абад облусунун командасынын курамында 25 кг салмак категориясында чемпион аталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, мелдеш U 11 жана U 14 курактык топторунда өткөн.
Кара-Көл шаарынын кичинекей тургуну — Каниет Ажыманов №1 Токтогул атындагы мектепте 3-класста окуйт. Учурда 9 жашта. Үй-бүлөдө 3 бир туугандын ортончусу. Бир агасы жана иниси бар. 7 жашынан бери күрөшкө кызыгып, машыгып келет. Келечекте Акжол, Жоламандай чемпион болгусу келет. Ал убактысын бүт күрөшкө арнап, машыгуу залында күнү өтөт.