Алайда жер көчкү активдешип, 8 үйдүн жашоочулары көчүрүлдү

turmush
Скачать
Просмотров: 62
 
Опубликовано 14 Марта 2025, 12:11

Ош облусунун Алай районунда жер көчкү активдешкен аймактан 8 үйдүн жашоочулары көчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кечээ, 13-мартта саат 16:07 чамасында Ош облусунун Алай районундагы Курманжан датка айыл аймагына караштуу Кызыл-Ой айылындагы тоонун үстүндөгү кар ээрип түшкөн. Анын кесепетинен тоонун боорунан 8 турак үйдү карай суу агып, жер көчкү коркунучу активдешип, тоонун бетинде жаракалар пайда болгондугу тууралуу маалымат берилген.

Жерине Алай райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ тартылып, тактоо иштерин жүргүзүп, жогоруда үйлөрдүн тургундары туугандарыныкына убактылуу көчүрүлгөн.