Жер титирөөдөн кийин №64 К. Маткеримов орто мектебинин имараттында жарака пайда болуп, айрым жерлериин шыбактары көчкөн

turmush
Скачать
Просмотров: 1031
 
Опубликовано 12 Марта 2025, 12:23

Ош шаарынын Кызыл-Кыштак муниципалдык айыл аймагынын Ишкаван айылындагы №64 К. Маткеримов орто мектебинин имаратынын дубалдарында жер титирөөдөн кийин жаракалар пайда болду. Бул маалыматты аталган муниципалдык аймактык башкармалыгынын башчысынын орун басары тастыктады.

Анын айтымында мектептин имараты 1985-жылы курулуп, пайдаланууга берилген. Негизги имараттын артындагы кошумча корпустун имараты 1990-жылы курулган.

2-3 жыл мурун Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аталган мектептин имаратын жараксыз деп тапкан. Бирок, балдар окуй турган башка жай жок болгондуктан, аталган имаратта окуп келишкен.

Мектептин мугалимдери жер титирөөдөн кийин окуучуларды коопсуз жерге алып , жабыркагандар болгон жок.