Нарын; Аянтта унаасын чимирип айдаган айдоочу колго түштү

turmush
Скачать
Просмотров: 313
 
Опубликовано 11 Марта 2025, 13:01

Нарын облусунун Нарын шаарындагы борбордук аянтта автоунаасын чимирилтип ойногон айдоочу кармалып, ага 15 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн кабарлашты.

Маалым болгондой, ушул жылдын 1-март күнү "Тойота-Камри" үлгүсүндөгү автоунаа Нарын шаарынын Турдакун Усубалиев атындагы борбордук аянтында автоунаасын чимирилтип, автоээнбаштык кылгандыгы видеокөзөмөлдөн көрсөтүлгөн.

Бул боюнча Нарын облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлеринин ыкчам иш-аракеттеринин негизинде аталган автоунаа изделип табылып, ал Нарын районунун Ак-Булуң айылынын 1995-жылы туулган Т.Н. аттуу жаран экендиги аныкталып, ал "Тойота-Камри" автоунаасы менен автоээнбаштык кылгандыгы такталып, анын кыймыл аракетине карата Кыргыз Республикасынын укук бузуу жөнүндөгү Кодексинин 189-беренесинин 1-бөлүгү менен протокол түзүлүп, 15 миң сом айып пул салынып, унаасы айып короого токтотулганлвгы маалым болду.


--
Отправлено из Mail для Android