Нарын облусунун бир катар аймактарында аба-ырайы кескин өзгөрүп, кар жаап жаткандыгына байланыштуу оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди.
Нарын облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиргенине караганда, учурда Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда жана "Долон" ашуусунда туман каптап, кар жаап жатат. Азыркы учурда жол тейлөө ишканалары тарабынан кум аралашмасы чачылууда. Нарын шаарынын чыга беришинен тарта Терминал аймагынан жана Кочкор районун "Сары-Булак" аймагынан каттоого оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди.
Нарын облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы айдоочуларга жолдо жүрүүдө баардык коопсуздукту так сактоого жана унаалар менен болгон аралыкты, карама каршы тилкеге чыкпоого чакырат. Облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн өздүк курамы “Бишкек-Нарын-Торугарт” унаа жолунда жана "Долон" ашуусунда кызмат өтөөдө.