Нарын облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн кызматкерлери айдоочу айымдарга гүл десте тартуулашты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, кечээ 8-март Аялдардын эл аралык күнүнө карата облус аймагында облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери автоунаа айдаган айдоочуларды тосуп, аларга гүл сунуп, майрамдык жагымдуу маанай тартуулашты.
Жалпы айымдарды майрамыңыздар менен куттуктайбыз. Бар болуңуздар асылзада энелер жана айымдар. Жолуңуздар шыдыр болуп, жол кырсыктарынан оолак кылсын. Ден соолугуңуздар чың болсун", - деди жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери.