Нарын облусунун Нарын шаарында "Рэкетчиликке жол жок!" аталышта жөө жүрүш уюштурулгандыгын облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Маалым болгондой, облус аймагында жаш өспүрүмдөрдүн катышуусундагы кылмуштуулуктун, укук бузуулардын жана жол-унаа кырсыктарынын алдын алуу, аларды болтурбоого чакыруу максатында Нарын шаардык ички иштер бөлүмү боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмчөсүнүн кызматкерлери жана коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери менен биргеликте Арстанбек Буйлаш уулу атындагы орто мектебинин мектеп окуучуларынын катышуусу менен “Жөө жүрүш” акциясы өткөрүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө, мектеп мугалимдеринин катышуусунда жана мектеп окуучулары ар кандай жол эрежесиндеги плакаттар, үгүт-насаат багытында атайын “Жол эрежелерин сактайлы!” “Рэкетчиликке жол жок!” жана башка ураандар менен айдоочуларды, жөө жүргүнчүлөрдүн жана жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугуна өзгөчө көңүл буруусуна багытталып, плакаттарды көтөрүшүп, шаар көчөлөрүн жөө аралашты. Жөө жүрүш акциясы Арстанбек Буйлаш уулу орто мектебинде уланып, анда окуучуларга жолдо жүрүү багытында, жөө өтмөктөрдөн, көчө жолдордон өтүү тартиптери, кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
--
Отправлено из Mail для Android