Нарын облусунун Нарын шаарынын борбордук аянтчасында унаасын чимирилип ойногон айдоочу кармалып, 15 миң сом айыпка жыгылды.
Нарын облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиргендей, кечээ 28-февралдан 1-мартка караган түнү "Тойота-Марк-Х" автоунаанын айдоочусу Нарын шаарынын Турдакун Усубалиев атындагы борбордук аянтында автоунаасы менен чимирилип айдап, автоээнбаштык жасаган.
Бул боюнча жол кыймылынын коопсуздугу кызматкерлеринин ыкчам иш-аракеттеринин негизинде, автоунаанын айдоочу кармалып, ага карата Кыргыз Республикасынын укук бузуу жөнүндөгү кодексинин 189-беренесинин 1-бөлүгү менен 15 миң сом айып пул салынып, унаасы айып короосуна токтотулшандыгы маалым болду.