Ак-Талаа; Коңорчок айылында капканга карышкыр кармалды

turmush
Скачать
Просмотров: 673
 
Опубликовано 28 Февраля 2025, 13:50

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Ала-Буга айыл аймагына караштуу Коңорчок айылында капканга карышкырга кармалды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Коңорчок айылынын тургуну, мурунку айыл өкмөт башчысы Таалайбек Боталиевдин айтымында, өзү жана дагы бир жердеши экөө Оролгунун-Башы чөлкөмүндөгү чаптын бооруна 2 даана капкан коюшкан. Кечээ, капкандардын бирине карышкыр түшүп калгандыгы маалым болду.

"Быйыл Коңорчок айылы боюнча жалпы 6 карышкыр жок кылынды. Бул алтынчы карышкыр. Мен быйыл 5 чөө жана бир карышкыр алдым", - деди Т.Боталиев.