Ак-Талаа; Ооган согушунун ардагерлери сыйланды

turmush
Скачать
Просмотров: 258
 
Опубликовано 15 Февраля 2025, 17:07

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда советтик аскерлердин Ооганстандан чыгарылгандыгынын 36 жылдыгы белгиленип, ардагерлер сыйланды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, бүгүн 15-февраль күнү Баетов айылында советтик аскерлердин Ооганстандан чыгарылгандыгынын 36 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара белгиленип, ага тиешелүү бийлик өкүлдөрү, Ооган ардагерлери, алардын жубайлары, Баткен согушунун ардагерлери, Тажик-Ооган ардагерлери жана коомдук уюмдар катышты. Анда, Ооган жана Баткен согушунда курман болгон жоокерлерге арналып тургузулган эстеликтин алдында Ооган согушунда курман болгон Асылбек Кожековго жана жалпы маркумдарга багышталып куран окулду. Андан соң, Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында уланып, ардагерлерге куттуктоолор жолдонду.

Иш-чаранын жүрүшүндө, айрым ардагерлерге Кыргыз Республикасынын коргоо министрлигинин, Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын, Ардагерлер кеңешинин сыйлыктары ыйгарылса, ал эми Ооган ардагери Шераалы Мурзабеков Ак-Талаа районунун "Ардактуу атуулу" наамы менен жана Жаныбек Маметов Жогорку Кеңештин ардак грамотасы менен сыйланды. Мындан тышкары, аларга Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясы, айыл өкмөттөр, Баткен ардагерлери коому, Ооган-Тажик ардагерлер коому жана милиция ардагерлер кеңеши тарабынан акчалай сыйлыктары тапшырылды. Ошондой эле, коомдук ишмер Качкынбек Абышбаев ардагерлерге күзүндө бир байланбас тай берерин убада кылды. Мындан тышкары, Ак-Талаа райондук Кайыпбек Султангазиев атындагы маданият үйүнүн өнөрпоздору тарабынан чакан концерт тартууланды.

Эске салсак, Афганистандагы согушка Ак-Талаа районунан жалпы 54 жоокер катышып, алардын ичинен 1 жоокер курман болгон. Калган 53 жоокер мекенине кайтып келишкен. Тилекке каршы, согушта алган ар кандай жаракаттарынан улам 7 ардагер мекенинде курман болгон.

--
Отправлено из Mail для Android