Чүй облусунун Кант шаарында 2160 батирге ылайыкталган турак жай комплексинин курулушу башталды. Бул тууралуу шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, президент Садыр Жапаровдун демилгесине ылайык Кант шаарында жаңы ипотекалык үйлөрдүн курулушунун башталышына байланыштуу мезгил кутусу салынды. Салтанаттуу аземге Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев, президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Жумагазиев, Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Эрмекбай Омошев жана Кант шаарынын мэри Улан Майлибашев катышты.