Токмокто 2290 батирден турган турак жай комплексинин курулушу башталды

turmush
Скачать
Просмотров: 2878
 
Опубликовано 15 Февраля 2025, 11:02

Кечээ, 14-февралда Токмок шаарындагы Ленин көчөсү №168-168А дарегинде турак жай комплексин куруунун алдында мезгил кутусун салуу салтанаты өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, салтанаттуу иш-чарага Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев, президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Жумагазиев, Токмок шаарынын мэри Максат Нусувалиев катышты.