Ак-Талаа; Айыл жаштары кыргоол азайган өрөөнгө кыргоолдорду коё беришүүдө

turmush
Скачать
Просмотров: 582
 
Опубликовано 10 Февраля 2025, 12:50

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Ак-Тал айылынын жаштары кыргоолдор жок болуп кеткен өрөөндө кыргоол көбөйтүүнү максат кылышууда. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Тоголок Молдо айыл аймагына караштуу Ак-Тал айылынын айыл башчысы Дастан Иманбековдун айтымында, айылдан жайлоолорго барчу Өрдөш өрөөнү ачык, адамдардар көп каттаган өрөөн болгондуктан кыргоолдордун саны азайып кеткендиктен улам, айыл жаштары кыргоолдорду коргоо жана көбөйтүү максатында аталган өрөөнгө бир нече кыргоол коё беришти.

"Аталган өрөөндө бир учурларда кыргоолдор көп болчу. Адамдар атып кетип, анысы аз келгенсип азыр чөөлөр дагы көп болгондуктан кыргоолдордун саны азайып кеткен. Айыл жаштары демилге көтөрүп, аталган өрөөнгө кайрадан кыргоолдордун байыр алышына аракет жасоо максатында чоң токойдон тор менен кыргоолдордун бостеги жана короздорун, жалпы 10 го чукул кыргоолдорду Өрдөш өрөөнүнө алып келип коё беришти. Ошондой эле, айыл элине Өрдөш өрөөнүнө атайын кыргоолдор коё берилгени айтылып, элди аларга тийбөөгө чакырык жасашууда", - деди Д.Иманбеков.

--
Отправлено из Mail для Android