Ак-Талаа; Ашпозчу айым Т.Жээнбаева кир жуучу жана дарылык самындарды эн түрүн жасоодо

-
Категория
Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылынын тургуну Токтобү Жээнбаева үй шартында экологиялык таза самындарды жасоодо. Каарманыбыз менен аймактык кабарчы маектешти.
Токтобү Жээнбаева 1978-жылы 3-май күнү, ал эми өмүрлүк жолдошу Мухаммед Ильич Медербеков 1973-жылы 22-апрель күнү туулган. Жубайлардын баш кошуп бирге түтүн булатып жашаганына 25 жылдын жүзү болду. Бул арада алар 4 уул жана 2 кызды өстүрүп, чоңойтушту. Атайын орто билимге ээ болушуп, Токтобү Жээнбаева ашпозчулук кесибине ээ болуп, учурда Эсенгул Карасартов атындагы орто мектебинин ашканасында ашпозчуболуп иштесе, ал эми Мухаммед Ильич Медербеков буга чейин банктардын биринде коопсуздук кызматкери болуп иштеген. Учурда чарба иштери менен алектенет.
Алгачкы аракет
- Өзүм самын жасоого кызыгып, июнь айынан тарта ноябрь айына чейин онлайн аркылуу атайын курста окудум. Ноябрь айынан баштап самын жасоого кириштим. Алгач, үйгө жасап, андан соң туугандарга, тааныштарыма сындатуу максатында "кандай болот экен" деп жасап бердим. Алар "жакшы болуптур, дагы алабыз" деп буйрутма бере башташты. Ошондон баштап жасап, элге сатыкка чыгара баштадым. Кир самын, кир самындын кайра калдыктарынан кир жуучу порошок (айна), идиш-аяк жууган мила жана шампунь жасап жатам. Ошондой эле, дарылык самындарды дагы буйрутма аркылуу жасап берүүдөмүн. Чачтын какачтарын жок кылуучу, беттеги угрилерди тазалоочу, аллергияга каршы жана башка самындарды жасоодомун. Дарылык самындарды көбүн эсе Бишкектен буйрутма беришүүдө. Ал эми миланы үйгө өзүм колдонгонго эле жасап жатам. Анткени, бир аз кемчиликтери болууда. Сатыкка кир самын, атыр самын, дарылык самындарды жана кир жуучу порошок чыгарылууда", - деди Токтобү айым.
Бир суткада 40 самын жасалат...
- Самын жасоого тоң май керек. Уйдун, койдун, эчкинин тоң майын пайдалануудамын. Тоң май экологиялык таза жана халал май. Тоң майлы элден сатып алам. Кадимки өсүмдүк майы, щелоч, суу, витаминдер, глицерин, эфир майы сыяктуулар кошулат. Экологиялык таза самындар десем болот. Алгач, тоң майды ээритип алабыз. Андан соң, кадимки тамак жасаган өсүмдүк майынан бир аз кошобуз. Ошол эле учурда щелочту өлчөмүнө жараша ысык сууга ээритип алып, аны кошобуз. Тоң майдын жытын кетириш үчүн эфир майы кошулат. Андан тышкары, витаминдер кошулат. Бардыгын кошкон соң 10-15 минут жакшылап аралаштырып алып, даяр болгон кошулманы калыптарга куюп чыгам. Даярдалган 2 литр кошулмадан 12 даана самын чыгат. 40 даана калып бар. Бир күндө калыпка жараша 40 самын жасайм. Калыпка куйгандан кийин 24 саат калыпта катыйт. Андан кийин калыптан чыгарабыз. Калыптан чыгарган оңой болбогондуктан жолдошум чыгарып берет. Калыптан чыккандан кийин 10 күндөн соң самын пайдаланууга жарактуу болот. Кичинекей самындар 130 грамм, чоңдору 233 грамм салмакта. Бул самындар нык болуп, сууга түшкөндө эзилбейт. Ар бир кошулманы таразага тартып, өзүнүн өлчөмү боюнча кошом. Өлчөмүнөн бир аз кемитип же ашырып алсаң самын катыбай калат, колду жеп салат дегендей. Кичинекей самындар 20 сомдон, чоңдору 45 сомдон сатылат.
Артыкчылык...
- Дүкөндөрдө сатылып жаткан самындардын эмнеден жасалып жатканын көрбөгөндөн кийин билбейбиз да. Угушубузга караганда, колдонулгандан кийинки майдын калдыктарынан, чочконун майы, иттин май жана башкалардан жасашат экен. Биз жасаган самындардын артыкчылыгы таза майлардан, эч кандай химикаттар кошулбай жасалат жана халал самындар. Алып пайдалангандар "колубуз "шуудурап" кургабастан, тескерисинче майланышып, жакшы болуп жатат" дешүүдө. Элет жери болгондуктан, от жагып жана башка иштерди жасайсың. Колдоруң туурулуп, кесилип калат го. Колуңдун кесигин айыктырат. Самынды көңүл коюп, алаксыбай жасаш керек. Шашып же бир нерсеге алаксып жасасаң, анда майың өтө коюу болуп кетип, калыпка куюлбай, оюңдагыдай жасалбай калат. Кир кетирүүчү каражаттын бардыгын колго эле жасап алам. Менде буга чейин дүкөндөрдөн сатып алып эле пайдаланып келгем. Өзүм самын жасай баштагандан бери дүкөндөн сатып албай калдым. Үйдө тээ күзүндө алган жарты самын турат. Ошол эле боюнча. Сатып алып, пайдаланып жаткан эл деле жакшы кабыл алып жатышат.
Аталар алабатадан жасашкан
- Илгери аталарыбыз самынды шакар менен жасашчу экен. Алабата деген отоо чөп өсөт эмеспи. Биз аны жогото албай жүрөбүз го. Ошол алабатадан, күн караманын гүлүнөн, дагы бир эки чөп бар экен...ошол чөптөрдү өрттөп, өрттөлгөндөн кийинки күлүн кайнатышчу экен. Кайнаткандан кийин үстүнө катып, каустикалык содадай болуп калат экен да. Ошону сүзүп алып, самын жасашчу экен. Азыр эми каустикалык сода чыгып калды. Щелочту "химикат" дей беришет. Щелоч химикат эмес. Самындын бардыгы щелоч менен жасалат. Ансыз самын жасалбайт.
Дарылык самындар
- Кир самын жана атыр самындардан сырткары дарылык самындарды буйрутма менен жасап берем. Атыр самындардын ичинен өңү кызыл самынга гана боёк кошулган. Атай кетсем, угрини айыктыра турчу самынга дарылык чөптөр жана активтентирилген көмүр, витаминдер кошулат. Чачтагы какач кетирүүчү самын. Эң оор жасалган самын ушул. Буга мумие, В6, В12 деген витаминдер кошулуп жасалат. Бул самынды көбүн эсе шаардагыларга жасап бердим. Чычырканак самыны жасайм. Муну сары болуп турса эле "боёк кошулган экен" деп ойлошот. Эч кандай боёк кошулбайт. Аты эле аталып тургандай чычырканак майынан жасалат. Адамдын бетине жакшы болот. Ошондой эле аллергияга каршы крапива самынын жасайм. Буларды буйрутмага жараша гана жасап берем.
Ал эми жолдошу Мухаммед Ильич Медербеков самын чыгарууга кичи цех ачууну пландап жатышканын айтты.
"Жубайым минтип жакшы иш баштап отурат. Азырынча үйдүн ичинде эле жасоодо. Кудай буюрса, жаз келип күн жылыса атайын кичирек жай куруп берейин деп жатам. Ошондой эле, самынды көлөмүн көбөйтүү максатында керектүү шаймандарды алсакпы деп пландаштырып эл жатабыз. Өзүм жаздан күзгө чейин гүл жана жер-жемиштин түрүн өстүрүп, багбанчылык кылам. Мындан тышкары, кыргыз болгондон кийин мал чарбачылыгы менен алектенем. Ысымымды Мухаммед деп атам койгон экен. 22-апрель күнү туулгандыктан Ильич дегенди кошуп коюптур. Баарыңарга белгилүү болгондой, 22-апрель Владимир Ильич Лениндин туулган күнү эмеспи. Эми жакшы. Колдон келген иш менен алектенип жүрөбүз. Уулдарыбыз мектепти бүтүп, жогорку окуу жайларында окуп, учурда өздөрү тандап алган кесиптери менен алектенип жүрүшөт. Кыздарыбыз колубузда. Мектепте окушат", - деди Мухаммед Ильич мырза.
Отправлено из Mail для Android