Нарын облусунун Кочкор районунда автоээнбаштык жасаган айдоочу табылып, айып пул салынды.
Нарын ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалыматына караган, «Toyota Hilux Surf» үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу Кочкор районунун Калыгул Бай уулу атындагы орто мектебинин ичиндеги балдар ойноочу муз аянтчасына кирип, окуучуларга кооптулук жаратып, автоээнбаштык жасаган. Окуя 2025-жылдын 17-январь күнү боюнча.