Ак-Талаа; Баетовдо топбаза ачылып, 140 тонна көмүр түшүрүлдү.

turmush
Скачать
Просмотров: 103
 
Опубликовано 21 Января 2025, 17:32

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылында көмүр топбаза ачылып, 140 тонна көмүр түшүрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

"Ак-Талаа көмүр" мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Жолой Кубанычбек уулунун айтымында, райондук суу чарба башкармалыгынын короосуна бери дегенде 1 миң тонна көмүр сыйгыдай топбаза ачылып, учурда 140 тонна "Турук" көмүр кенинин көмүрү түшүрүлүп, элге сатыкка коюлду.

"Учурда топбазага көмүр тартуу иштерин жүргүзүп жатабыз. Буга чейин 140 тонна көмүр түшүрдүк. 1 миң тоннага чейин алып келебиз. Көмүрдүн баасы 4 миң сомдон. Мешок менен дагы сатылат. Быйыл көмүрдүн баасы алыскы айылдарда 5 миң сом, жакынкы айылдардан 4500 сомдон сатылды. Учурда, эл көмүр отуну менен толук камсыздалган. Мындан тышкары дагы калган 3 айыл өкмөттө топбазалар уюштурулду", - деди Жолой Кубанычбек уулу.

--
Отправлено из Mail для Android