Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы жол кырсыгы боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасына Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2024-жылдын 15-ноябрында саат 17:45 чамасында Ысык-Көл облусунун Түп районунун тургуну — 1974-жылы туулган И.Б.К. «Хонда Стэпвагон» автоунаасын башкарып бара жатып, Каракол шаарынын Токтогул жана Н.Айтматова көчөлөрүнүн кесилишинде жөө өтмөктөн өтүп бара жаткан Каракол шаарынын 2004-жылы туулган тургуну Ж.К.Г.ны (кыз) сүзүп кеткен. Жол кырсыгынын кесепетинен жөө жүргүнчү Каракол шаарындагы облустук ооруканага кайрылган.