Ак-Талаа; Баетов айылынын тургуну МАИ кызматына автоунаа белек кылды

turmush
Скачать
Просмотров: 1157
 
Опубликовано 1 Ноября 2024, 16:45

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылынын тургуну райондук жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнө автоунаа белек кылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, бүгүн 1-ноябрь күнү кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракеси белгиленип, мааракенин жүрүшүндө Баетов айылынын тургуну Адилет Жапаров Ак-Талаа райондук жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнө "Ауди С4" үлгүсүндөгү автоунаа белек кылды.

Ал өз сөзүндө, милиция кызматкерлерин 100 жылдык мааракеси менен куттуктап жана Ак-Талаа районунда жол кырсыктары болбосун ниет кылып, унаа белек кылууну ниет кылышкандыгын баса белгилеп өттү. Ал эми Адилет Жапаровго, атасы Сарыпбек Жапаровго Кыргыз Республикасынын жол кыймылынын коопсуздугун бөлүмүнүн ыраазычылык каты ыйгарылса, ал эми апасы Ырысбүбү Султангазиевага ардак грамота жана "Эне даңкы" медалы тапшырылды.

--
Отправлено из Mail для Android