Баткенде тоют чөптөрү арзан бааланууда

turmush
Скачать
Просмотров: 3
 
Опубликовано 29 Октября 2024, 12:53

Баткенде тоют чөптөрү арзан бааланууда

Баткен облусунун аймагында тоют чөптөрү өткөн жылга салыштырмалуу бир топ арзан бааланууда.
Жергиликтүү дыйкандардын айтымында быйыл аба-ырайы жамгырлуу келип, тоолордо чөп жакшы болду. Андыктан таңгакталган тоют чөптөрүнө болгон баа бир топ арзан болуп жатат. Өткөн жылда шалынын (күрүч) таңгакталган тоют чөбүнүн бир даанасы 150 сомдон 180 сомго чейин сатылган. Быйылкы жылда бир даанасы 90 сомдон 110 сомго чейин бааланып жатат. Ал баага дагы кардар жок болуп жатканын айтышат. Ошондой эле күз жаанчыл болуп, тоют чөптөр жамгырда калып кетип, сапатын жоготуп, арзан бааланууда. Ал эми өткөн жылда беде жана башка чөптүн таңгакталган тоюттары өткөн жылда 350 сомго чейин болсо, быйыл 300 сомго чейин сатылып жатат.