Нарын облусунун Ак-Талаа районунун айдоочулары Баетов - Кош-Дөбө унаа жолунун абалына нааразы болушууда. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, райондун борбору болгон Баетов айылынан тарта Кош-Дөбө айылына чейинки жолдун узундугу 90 чакырымды түзөт. Мунун 8 чакырым аралыгына чейин асфальт төшөлгөн. Тактап айтканда, Баетов айылынан тарта Ак-Чий айылына жетпей асфальт төшөлгөн. Такталган маалыматтарга караганда, быйыл дагы 4 чакырым асфальт төшөлмөк. Бирок, бул убакытка чейин асфальт басуу иштери башталган жок.
Айдоочулар жол сайдан айырмасы жок болуп калгандыгын айтып, нааразы болушууда.
"Жол боюнча кандай кылабыз ия? Жол баткак, ар кайсы тешилип, унаалар жүрө албай калды. Айдоочулар чогулуп, акимге киребизби, кандай кылабыз? Жол болбой калды. Же жогору жакка жол боюнча арыз жазабызбы? Жол эмес эле сай болуп калды. Жолбу же сайбы, белгисиз. Биздин райондо бийлик деген барбы? Өзү эле кебетеси келишип турган жол эле, кечээ күндөн бери жааган жамгырдан улам, кыян суулар агып, огобетер кебетесин келиштирип кетиптир. Бул жолго асфальт басылбады же жарытылуу сүрдүрүп берип коюшпады. Жол ой-чуңкур, титирек. Ушул жолдун абалын көрүп бийлик өкүлдөрү уялбады же айдоочулар ыйлаганын тыя албады. Айтор, шоопурлардын шорун катырды да", - деди айдоочулар.
--
Отправлено из Mail для Android