1-октябрь — Эл аралык карылар күнүнө карата Нарын облусунун Кочкор районунда бир катар карыяларга белектер берилди. Кочкор районунун акими райондун аймагындагы 100 жашка толгон карыялардын жана 90 жаштан ашкан айрым карылардын үйлөрүнө барып куттуктоо сөзүн айтты.