Бишкек—Нарын—Торугарт айланма жолунда бир нече унаа кагышып, 5 адам ооруканага жеткирилди.
Күбөлөр Turmush басылмасына билдиргендей, окуя кечээ, 28-сентябрда саат 20:00 чамасында унаа жолдун Токмок шаарындагы тилкесинде болгон.
Ал эми Токмок шаардык дарыгерлердин жалпы практикалоо борборунан билдиришкендей, жабыркаган 5 адамдын абалы туруктуу.