Ак-Талаада А.Токтосунованын жаркын элесине арналган волейбол мелдеши башталды

turmush
Скачать
Просмотров: 102
 
Опубликовано 28 Сентября 2024, 19:35

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими Акин Токтосунованын жаркын элесине арналган волейбол мелдеши өтүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, Кыргыз Республикасына өзгөчө эмгек сиңирген ардагери, Ак-Талаа районунун "Ардактуу атуулу", дээрлик 45 жыл өмүрүн билим берүү тармагына жумшаган Акин Токтосунованын жаркын элесине арналган агартуу тармагынын кызматкерлери арасында 2 күндүк волейбол мелдеши өткөрүлүп жатат. Мелдешти Акин Токтосунованын уулу Улан Таштанкулов баштаган уул-кыздары уюштурууда. Мелдеш Коңорчок айылынын Насипа Жыргалбекова, Жаңы-Талап айылынын Байымбет атындагы орто мектебинде жана Баетов айылынын Шүкүрбек Бейшеналиев менен Эсенгул Карасартов атындагы орто мектебинде өтүүдө. Бүгүн, финалга чейинки тандоо туру өтүп, 1-2-орунду камсыздап келген командалар эртең 29-октябрь күнү финалдык беттешке чыгышат. Мелдештин жалпы байге фонду 120 миң сомду түзөт.

Бүгүн 28-октябрь күнү волейбол мелдешинин башталыш аземи салтанаттуу түрдө ачылып, ага мектеп директорлору, Акин Токтосунованын замандаштары, кесиптештери жана мугалимдер менен тарбиячылар катышты. Алнач, маркумга багышталып куран окутулду. Андан соң, ардагер мугалимдин өмүрү, эмгек жолу эскерилди. Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинде Акин Токтосунованын наамында автордук класс ачылган. Ошондой эле, жыл сайын уул-кыздары тарабынан окуучуларга жана мугалимдерге "Акин Токтосунова" атындагы стипендиялар тапшырылып келет.

Акин Токтосунова 1947-жылы Кара-Бүргөн айылында туулган. Үй-бүлөлүү. 4 баланын энеси, 12 небере, 1 чөбөрөнүн чоң энеси.

Билими;

- 1963-1968-жылдары СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетинде билим алган.

Эмгек жолу;

- 1968-1983-жылдары Баетов айылындагы Ломоносов (азыркы Шүкүрбек Бейшеналиев) атындагы орто мектебинде мугалим,
- 1983-1987-жылдары Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинде окуу иштери боюнча директордун орун басары,
- 1987-2002-жылдары Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинин директору,
- 2002-2010-жылдары райондук билим берүү бөлүмүндө методист болуп үзүрлүү эмгектенген.

Наамдары жана сыйлыктары;

Кыргыз Республикасынын билим берүү илим министрлигинин ардак грамотасы, "Эл агартуунун мыктысы" төш белгиси, министрликтин профсоюз борбордук комитетинин "Профсоюз уюмунун мыктысы" төш белгиси, Баетов айылынын "Ардактуу атуулу" наамы жана башка райондук, облусттук бир канча сыйлыктар менен сыйланган. 2000-жылдын 27-август күнү Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими наамы ыйгарылган.

Акин Токтосунова 2022-жылы 20-июнь күнү 75 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн өткөн.

--
Отправлено из Mail для Android