Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кызыл-Белес айылында 5-дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда көкбөрү боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын оюнчусу Дастан Руслан уулун айыл эли салтанаттуу тосуп алышты. Бул тууралуу айыл тургуну Самат Каарманов билдирди.
Маалым болгондой, аталган айылдын улакчы жигити, көкбөрү боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы менен оюн талаасына чыгып, намыс талашып, тайказанга улакты өзгөчө кооз ыкмалар менен ыргытып, эл оозуна алынган Дастан Руслан уулун жердештери Ак-Талаа районунун чек арасынан салтанаттуу тосуп алышып, Тайлак баатырдын күмбөзүнө барып куран окушту. Андан соң айылга келишип, улакчы жигитке айыл аксакалдары бата беришип, сый дасторкондун үстүндө сыйлашып, ага ат мингизишти.
Дастан Руслан уулу Кызыл-Белес айылында 2003-жылы туулган. Ал 6 жашынан баштап улуттук көкбөрү оюну менен алектенип, алгач Ак-Талаа районунун "Соң-Көл" командасында, андан кийин Нарын облусунун "Намыс" командасында ойноп келген болсо, учурда көкбөрү боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасында ойноп келет. Минген тулпарын каймана аты "Фаворит" деп аталат.
--
Отправлено из Mail для Android