Уулун тилдеп, видеого тарткан ата милицияга жеткирилди

turmush
Скачать
Просмотров: 3288
 
Опубликовано 13 Сентября 2024, 09:36

Ош облусунун Алай районунда уулун урушуп, видеого тарткан ата милицияга жеткирилди. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2024-жылдын 12-сентябрь кунү белгисиз атуул тарабынан жашы жете элек балага карата зомбулук аракеттерди көрсөтүп жаткан видео Whatsapp тайпаларга тарап жаткандыгы боюнча маалымат келип түшкөн. Бул факты ушул эле күнү Алай райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө видеого тартып жаткан белгисиз атуул Алай районунун 1985-жылы туулган И.Т. экендиги аныкталып, тергөө кызматына камсыз болгон. Алгачкы маалыматтар боюнча, И.Т. мындай аракеттерге баруусунун себеби жубайы менен пикир келишпестиктер пайда болгондуктан, аны коркутуп коюу максатында өзүнүн баласын урушуп, видеого тартып, Россия Федерациясында эмгектенип жүргөн аялына жөнөткөндүгү маалымат болгон.

Милиция кызматкерлери видео тасмадагы жаш баланы дарыгерлерге көрсөтүп,  денесинде эч кандай жаркат байкалган эмес. Учурда  тийиштүү экспертизалар дайындалды. 

Учурда окуяга катыштыгы бар жарандар суралып, текшерүү уланууда. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен мыйзамдуу чечим кабыл алынат.