Ак-Талаа; Дүйнө чемпиону Өмүрбек Асан уулун сыйлоо аземи

turmush
Скачать
Просмотров: 112
 
Опубликовано 3 Сентября 2024, 14:54

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап айылынан чыккан балбан, эркин күрөш боюнча дүйнө чемпиону Өмүрбек Асан уулуна 30 миң сом сыйлык тапшырылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, Иордания өлкөсүнүн Амман шаарында 17 жашка чейин өспүрүмдөр арасында өткөн эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатында 60 килограмм салмактагылар арасында дүйнө чемпиону болууга жетишкен Өмүрбек Асан уулун, ошондой эле 2024-жылдын 30-июнь күнү Иордания өлкөсүнүн Амман шаарында эркин күрөш боюнча 23 жаштагы өспүрүмдөр арасында Азия чемпионатында алтын медаль тагынып дүйнө чемпиону болууга жетишкен ак-талаалык балбан Абдумалик Карачевди, 2024-жылдын 7-июль күнү Таиланд өлкөсүнүн Шрираче шаарында 15 жашка чейинки өспүрүм кыздар эркин күрөш боюнча Азия чемпионатында алтын медаль тагынып, Азия чемпиону болгон Токтосун кызы Аселди жана бул балбандардын биринчи машыктыруучусу Алмаз Кайыповду салтанаттуу тосуп алуу, сыйлоо аземи белгиленди.

Балбандарды алгач Баетов айылындагы Тайлак баатырдын айкелинин алдынан тосуп алышып, Манас көчөсү аркылуу "Жеңиш" сейил багына чейин жөө жүрүш менен коштоп келишти. Андан соң, балбандарды куттуктоо жана сыйлоо салтанаты болуп өттү. Балбан Өмүрбек Асан уулуна Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан "Ак-Талаа районунун ардактуу атуулу" наамы жана 30 миң сомдун сертификаты, балбан Абдумалик Карачев менен Токтосун кызы Аселге 10 миң сомдун сертификаттары жана машыктыруучусу Алмаз Кайыповго Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын ардак грамотасы менен 5 миң сомдун сертификаты ыйгарылды. Мындан тышкары, мекеме-ишкана жетекчилердин атынан, аксакалдардын атынан жана демөөрчүлөр тарабынан акчалай сыйлыктар ыйгарылды.

--
Отправлено из Mail для Android