Ак-Талаадагы көп жылдык таштандыны тазалоо иштери башталды

turmush
Скачать
Просмотров: 408
 
Опубликовано 1 Июня 2023, 09:42

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы Как-Көл чөлкөмүндөгү көп жылдардан бери жаткан таштандыларды тазалоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, Баетов айылынын күн батыш тарабындагы же тактап айтканда Как-Көл чөлкөмүндө көп жылдардан бери жаткан таштандыларды таптакыр тазалап салуу иштери башталды. Тазалоого айыл өкмөттүн алдындагы "Тазалык" ишканасынын жумушчулары жана техникалары тартылды. Мындан тышкары, Кайыңды-Булак айылынын тургуну Кылычбек Боталиев "КамАЗ" унаасы менен жардамга келген болсо, ал эми райондук суу чарба башкармалыгы демөөрчүлүк иретинде 1 даана погрузчик техникасын берген. Таштандыны чыгаруу иштерине азырынча 300 литр күйүүчү май айыл өкмөт тарабынан бөлүнгөн жана чыгаруу иштери 3-4 күнгө чейин созулары маалым болду.

Айыл өкмөт башчысы Улукбек Жусупжанов аталган жерге таштанды төккөндөр сотко берилерин айтты.

"Айлана-чөйрөбүздү таза кармоо бардыгыбыздын милдетибиз. Бул жердеги таштанды көп жылдардан бери турган экен. Чындыгында абдан кейиштүү абалга келип калыптыр. Болгондо дагы Нарын - Баетов - Макмал унаа жолунун жээги болгондуктан сырттан канчалаган адамдар, керек болсо чет өлкөлүк туристтер ары-бери өтүшөт. Алар биздин маданиятыбызга кандай баа берип жатышат? Ушул жергиликтүү тургундардан таштанды төкпөөнү суранып кетет элем. Ушул таштандыны таптакыр тазалап, чыгарып салуу ишин баштадык. Жумуш канча күнгө созулат так айтуу кыйын. Кудай буюрса бүт тазалап, чыгарабыз. Андан кийин, бул жерге кароолчу коёбуз. Кимде ким таштанды төгүп жаткан жеринен кармалса сотко беребиз жана айып пул төлөтөбүз", - деди У.Жусупжанов.

Ал эми Кайыңды-Булак айылынын тургуну Кылычбек Боталиев таштанды чыгаруу айыл өкмөттү ашыкча чыгымга алып келип жатканын айтты.

"Ушул таштандыны жергиликтүү жашоочулар өзүбүз эле төгүп жатабыз да. Бул өтө уят нерсе. Айыл өкмөттүн атайын таштанды төгүүчү жайы бар. Ошол жакка алып барып төгүлөрү керек. Жума сайын "Тазалык" ишканасы көчө кыдырып, таштандыларды үйлөрүнөн алып кетип жатышат. Ушул таштанды чыгарууга кеткен чыгымды айылдын ички инфраструктурасына сарптасак, көчөлөргө шагыл төгүп алсак, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам берип алсак болмок да. Бул айыл өкмөттү ашыкча чыгымга учуратып жатпайбы", - деди К.Боталиев.