Ак-Талаада ВИЧ/СПИД илдетине каршы сынак уюштурулду.

turmush
Скачать
Просмотров: 200
 
Опубликовано 2 Декабря 2022, 14:03

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда "Теңдик үчүн убакыт келди" аталыштагы сынак өткөрүлүп, жеңүүчүлөр аныкталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Бүткүл дүйнөлүк ВИЧ/СПИД илдетине каршы күрөшүү күнүнө карата "Теңдик үчүн убакыт келди" аталышта окуучулар аралык жана медицина кызматкерлеринин ортосунда сынак уюштурулду. Сынак райондук жалпы дарыгерлик практикалык борбору, билим берүү бөлүмү жана маданият бөлүмү тарабынан биргелешип уюштурулуп, ага жалпы дарыгерлик практикалык борбору, Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясы жана Баетов айыл өкмөтү акчалай демөөрчүлүк кылышты.

Сынакка орто мектептер жана жалпы дарыгерлик практикалык борборунун бөлүмдөрү катышып, алар ВИЧ/СПИД илдетинин кооптулугу тууралуу сахналаштырылган чакан драмаларды, флешмоб, Тик Ток көрсөтүү жана дубал гезиттерин көрүүчүлөргө тартуулашты.

Сынактын соңунда орто мектептер арасында 1-орунду Кайыңды-Булак айылындагы Бакый Мүсүралиева атындагы орто мектебинин командасы, 2-орунду Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинин командасы, 3-орунду Эсенгул Карасартов атындагы орто мектебинин командасы камсыздады. Ал эми жалпы дарыгерлик практикалык борборунун бөлүмдөрү арасындагы сынакта 1-орунду соматика жана хирургия бөлүмү, 2-орунду үй-бүлөлүк дарыгерлер бөлүмү, 3-орунду стоматология бөлүмү камсыздады.