Туратали базарындагы чыр: Мурунку жетекчиси атайын өкүлдөр менен эмес тарапташтары менен келген

turmush
Скачать
Просмотров: 6426
 
Опубликовано 30 Ноября 2022, 16:55

Бүгүн 30-ноябрда Кара-Суу районунун «Туратали базары» мамлекеттик ишканасынын алдына 50дөн ашык жаран чогулуп, мурунку жетекчиси Манас Үсөновду ордуна коюу үчүн топтолушкан. Топтолгондордун бири Абдуталип Матмусаевдин айтымында мурунку жетекчи Манас Үсөнов Жогорку соттон утуп, кайра иш ордуна келген. Бирок аны азыркы учурда жетектеп жаткан Нурбек Эргешовдун тарапташтары киргизбей жатканын айтты.