16-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек ара жаңжалындагы кол салуудагы Баткен районундагы Самаркандек айыл өкмөтүнө караштуу Паскы-Арык айылындагы үйлөргө Тажикстан тараптан атылган снаряд жергиликтүү тургундардын үйүнүн бирине түшкөн. Бул тууралуу жергиликтүүлөр билдирди.
Алардын айтымында, Паскы-Арык айылындагы үйлөрдүн биринин терезесинин үстүнө снаряд тийип, сайылып калган. Бирок жарылбай калган. Учурда аталган снаряд тазалаган.