Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиев Өзгөндүн эли менен жолугушуп жатат

turmush
Скачать
Просмотров: 198
 
Опубликовано 4 Октября 2022, 11:29

Ош облусунун Өзгөн районунда Садыр Жапаров, УКМКнын төрагаы Камчыбек Ташиев, башкы прокурор Курманкул Зулушев жашоочулар менен жолугушуп жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Жолугушуу райондук администрациянын жыйындар залында уюштурулду. Алар Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча түшүндүрмө берүү жана элдин талаптарын угуу үчүн келишти.

Сыртта жыйындар залына кире албай калган ондогон адамдар чогулуп турушат. Алар президенттин жолугушуусуна атайын даярдалган адамдар гана киргенин, андыктан президент сыртка чыгып эл менен жолугушуусу керектигин айтышууда.