Ак-Талаада глаукома жана миопия оорулары көп катталууда.

turmush
Скачать
Просмотров: 1232
 
Опубликовано 4 Октября 2022, 03:37

Нарын облусунун Ак-Талаа райондук жалпы дарыгерлик практикалык борборунун көз дарыгери Букен Турдубекова глаукома жана миопия аттуу көз оорулары менен ооругандар көп катталып жаткандыгын аймактык кабарчыга маалымдады.

Көз дарыгер Букен Турдубекова көз ооруларынын 1 миңден 2 миңге чейин түрү бар экендигин, мунун ичинде Ак-Талаа жергесинде глаукома жана миопия оорулары көп катталып жаткандыгын айтты

"Глаукома оорусу менен 35 жаштан жогорку курактагы адамдар көп чалдыгат. Бул көздүн ички басымынын жогорулашы жана көрүүнүн начарлашуусу. Оорунун пайда болушуна көздүн нерв, кан тамыр системасынын бузулушу себеп болот. Бул өтө коркунучтуу оору. Сокур болуп калууга алып келет. Дайыма дарыланып турбаса, оору күчөп кетет. Глаукома көз басымынын жогорулашына түрдүү көз оорулары, көз суюктугунун чыгуу жолдорунун бүтөлүп калышы себеп болот. Оорунун негизги белгилери болуп жарыкты караганда анын тегерегинде көк жаа пайда болуп, көз тунарып, буюмдар даана көрүнбөй, адамдын чекеси, башы ооруйт. Кээде көздүн чанагы талыйт. Айрым учурда катуу башталып, башы ооруп, көз кызарып, көз жапкалары шишийт. Начар көрүп, жалпы абалы начарлап, окшуп кусуп, денеси ысыйт. Бул оорудан сактаныш үчүн 35 жаштан өткөндөн кийин ар дайым бизге келип, көз басымын өлчөтүп туруш керек. Бизде өлчөөчү жабдыктар бар. Эгер, көз басымы көбөйүп калган адамдар болсо каттоого алабыз, дарылайбыз. Бул оорудан оолак болуу үчүн ар дайым диета кармоо зарыл. Мисалы, майды көп жебей, туура эмес тамактанбаш керек, алкаголь ичимдиктерин ичпеш керек", - деди дарыгер.

Уюлдук телефондор балдар арасында миопия оорусуна алып келип жаткандыгын айтты.

"Пресбиопия деп коёт. Бул кадимки эле көздүн карыган учуру деп билебиз. Тактап айтканда, адамдын жашы улгайган сайын көзүнүн көрүүсү дагы начарлап баштайт. Ал эми миопия деген оору - бул алысты көрбөгөндөр. Көбүн эсе окуучуларда, балдарда көп кездешип жатат. Бул төрөлгөндө эле көздүн чарасы, узундугу же туурасы туура эмес болуп калган балдар миопияга кездешет. Анан, бара-бара күч ала баштайт. Биз медициналык кароого чыкканда, кийинки балдардын алысты жакшы көрбөгөн учурлары көп болуп жаткандыгын көрүп жатабыз. Анткени, учурда уюлдук телефондорду кечке көрүп жатышат. Күн-түн дебей кармап отурушат. Кол телефонду ата-энелер колдон келсе балдарына бербей коюшса жакшы болот эле. Көпчүлүк балдардын көздөрү начарлап жатат. Көздөрү кызарып, чыңалып, жаш куюлуп, башы ооруп келишет. Бул көздөрүнүн көрбөй калуусуна, көрүүсүнүн начарлоосуна алып келет", - деди Б.Турдубекова.

Мындан тышкары, болгарка менен иштеген усталар көп кайрылышарын белгиледи.

"Бул оорулардан башка көз ооруларынан конъюнктивит сыяктуу жугуштуу оорулар, көзүнө суук тийгизип алгандар бар. Айтор, көз ооруларынын көп түрү бар. Мына ушундай оорулардын көбүн Ак-Талаа жергесинде эле дарылайбыз. Жетиштүү дарылар дагы бар. Бизде, көп аппараттар жетишсиз. Колубузда бар аппараттар менен колдон келишинче дарылайбыз. Алыбыз жетпеген оорулар болсо, диагнозун коюп Нарынга, Бишкекке жөнөтөбүз. Дагы бир көйгөйүбүз, бизде көз оорулары үчүн стационар жок болгондуктан улам, сырттан дарылап кетиребиз. Ушул эле жерде көзгө кичи операцияларды жасайбыз. Мисалы, усталар болгарка менен ар кандай темир кесип жаткан учурда көзүнө темирдин учкундары кирип кеткендер көп келишет. Ошондой эле, көзүнө жыгач сайылып калгандар, тикенек кирип кеткендер, ал тургай көзүнө чымын түшүп, көзү куртап кеткендер дагы келишет. Мына ошонун баарын ушул жерде операция жасап, дарылап турабыз. Негизинен, Ак-Талаа жергесинде глаукома жана миопия оорусу көп катталууда", - деди Букен Турдубекова.