Чүй облусуна эвакуацияланган баткендиктер кайта баштады

turmush
Скачать
Просмотров: 126
 
Опубликовано 30 Сентября 2022, 12:20

Тажик тараптын куралдуу кол салуусунан Чүй облусуна эвакуацияланган жарандар үйлөрүнө кайтышууда.
Бүгүн дагы 40 га жакын кичи автобуста Баткен жана Лейлек районунун тургундары турак жайларына жөнөтүлдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкери Мырзабек Токтосуновдун айтымында унаалар жергиликтүү бийлик тарабынан уюштурулуп, күйүүчү майлары ӨКМ тарабынан каржыланган. "Бүгүнкү күндүн өзүндө 39 кичи автобуста жарандар үйлөрүнө жөнөтүлдү. Аларды Чүй облусунан бери атайын кызматкерлер коштоп келип, айылдарына чейин жеткирилет",-дейт ал.