Прокурордун малы жоголсо баары издейт. Элдин жоголгон малын издөөдө органда иштегендердин малын издегендей реакция жасалса, уурулук фактылар азаймак. Мындай пикирди Аксы районуна караштуу Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн башчысы Мамбеталы Ызатканов облусттук координациялык кеңешмеде мал уурулук боюнча маселе каралган учурда билдирди.