Ак-Талаанын Баетов айылынын кире беришине арка курулуп баштады

turmush
Скачать
Просмотров: 2201
 
Опубликовано 6 Августа 2022, 16:21

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылынын кире беришине арканын курулуш иштери башталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, бүгүн 6-август күнү Баетов айылынын кире беришине туурасы 24-25 метрди, бийиктиги жердин үстүнөн эсептегенде 10 метрди түзгөн арканын курулуш иши башталып, капсуласы салынды. Арканын жайгашкан турчу жер тилкеси, долбоорлоо документтери, тиешелүү иш кагаздарынын бардыгы айыл өкмөт тарабынан мыйзамдын талаптарына ылайык ишке ашырылып берилсе, ал эми каржылоо булагы арка салууну демилгелеп чыгышкан оор жүк ташуучу унаалар менен сапарга чыккан (дальнобойщиктер) айдоочулардын "Ак-Талаа Автотранс" оор жүк ташуучу айдоочулар жамаатынын демөөрчүлүгү менен 2 млн 190 миң сомго курулуп баштады.

Айдоочулардын бири Зарылбек Кумаев арканын курулушу 31-августка чейин бүткөрүлүп, Эгемендүүлүк күнү пайдаланууга берилерин айтты.

"Тигил жагы Европа өлкөлөрүнө, бул жагы Кытайда чейин жүк тарткан жалпы Ак-Талаа районунун айдоочулары демилге көтөрүп, айыл өкмөткө сунуш кылганбыз. Айыл өкмөт бардык мыйзамдуу жактарын эске алуу менен жер тилкесин чечип беришип, тиешелүү иш кагаздарын бүткөрүп беришти. Арканын турушу 2 млн 190 миң сом деп эсептелип чыккан. Кошумча иштери менен 2,5 млн сомго чейин каражат сарпталышы мүмкүн. Унаа токтотуучу, жүргүнчүлөр эс алып отура турчу жайлары менен кошо курулат. Мындан тышкары, айлана-чөйрөсү көрктөндүрүлөт", - деди З.Кумаев.
--
Отправлено из Mail.ru для Android