«Александровкада окуучулар сабак учурунда талаада иштеп жүрүшөт»: Тарап жаткан видео боюнча текшерүү башталды.

turmush
Скачать
Просмотров: 565
 
Опубликовано 19 Мая 2022, 09:08

Москва районуна караштуу Александровка айылында окуучу балдар сабак учурунда талаада иштеп жүргөндүгү тууралуу тартылган видео социалдык тармактарга тарап жатат.
Анда күбөлөр, ата-энелер балдарын мектепге алып баруунун ордуна, талаага жумушга салып жатышканын айтат.
Бул видео боюнча КР Президентинин Чүй облусундагый өкүлчүлүгүнөн төмөнкүдөй жооп беришти.