Ош облусунун Кара-Суу районунда селдин кесепеттери жлюлуп жатат. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Алдын ала маалымат боюнча, саат бүгүн, 18-майда 19:00 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Бишкек—Ош унаа жолунун 647-чакырымында (Кайрагач айылы) Отуз-Адыр каналынан суу ашып, унаа жолду каптагандыгы тууралу билдирүү түшкөн. Жерине ӨКМдин Ош облустук башкармалыгынын башчысы, райондун акими, райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы барган. Учурда 2 жүктөгүч, 1 манипулятор тартылып, тазалоо иштерин жүргүзүүдө.