Көмүр көйгөйү

turmush
Скачать
Просмотров: 345
 
Опубликовано 1 Декабря 2021, 09:05

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда жергиликтүү тургундар бири-биринен көмүр сурап жагышууда. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, аталган райондун Кара-Бүргөн айылында көмүрдүн жетишсиздигинен улам жергиликтүү тургундар бири-биринен көмүр сурап жагышууда. Алардын айтымында, Кара-Кече көмүр кенинен 1 жумада 1-2 унаа көмүр келет. Элге көмүр толук жетпегендиктен улам, 1-2 тоннадан гана түшүрүп алышууда. Ал эми көмүр түшүрүп алгандарды кайра эле тааныш, ага-туугандар, коңшу-колоңдор кап, чака менен келип сурап алып, жагышууда.

Буга чейин маалымдалгандай, Ак-Талаа районунда "Турук" көмүр кени жайгашкан. Ал жерде 3 ири ишкана көмүр казуу менен алектенет. Бирок, 2021-2022-жылдын кыш мезгилине карата көмүр отунун даярдоо иштери өз убагында жүргүзүлбөгөндүктөн улам учурда жергиликтүү жашоочулар көмүр отуну менен толук камсыз боло элек.

Жергиликтүү жашоочулардын айтымында көмүрдүн баасы Кош-Дөбө айылында 4 500 сом, Жерге-Тал жана Чолок-Кайыңда 4000-4500 сом, Кара-Бүргөн жана Коңорчок айылында 4 миң сом, Ак-Чий, Баетов, Терек айылында 3500-4000 сом болсо, ал эми калган айылдарда 3500 сомдон 4000 сомго чейин сатылууда. Бул Кара-Кече көмүрүнүн баасы. Ал эми Турук көмүр кенинен азырынча көмүр тартылып келине элек.