Чүй облусунун башчысы №1318 шайлоо тилкесинен добуш берди

turmush
Скачать
Просмотров: 74
 
Опубликовано 28 Ноября 2021, 18:11

Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эркин Тентишев Бишкек шаарындагы №1318 шайлоо тилкесинде добуш берди.
Дубан башчысы жалпы шайлоочуларды куттуктап, КРдин Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого кайдыгер карабай, шайлоого жигердүү катышууга чакырды.

Чүй облусунда жалпы шайлоочулардын саны 610 800 түздү. Жалпы 408 шайлоо тилкеси уюштурулду.