Кочкордо Социалисттик эмгектин баатыры Телегей Сагымбаева эскерилди

turmush
Скачать
Просмотров: 434
 
Опубликовано 17 Июня 2021, 11:52

Turmush — Кочкор районунун Арзы айылындагы Телегей Сагымбаева атындагы орто мектебинде Социалисттик эмгектин баатыры Телегей Сагымбаева эскерилди. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Иш-чарада Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Курбанбек Камчыев, Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн башчысы Бурканбек Акишов, Телегей Сагымбаеванын келини Шайлоогүл Жумабекова, айыл аксакалдары Телегей Сагымбаеванын басып өткөн жолу, анын эмгектери тууралуу баяндап беришти. Телегей Сагымбаеванын эмгек жолу, анын эмгектери жаштар үчүн үлгү болору айтылды.