Ат-Башы; Чайыбыз кайнабай, наныбыз бышпай жатат.

turmush
Скачать
Просмотров: 330
 
Опубликовано 16 Мая 2021, 01:02

Нарын облусу Ат-Башы районуна караштуу Ат-Башы айылынын Ак-Өргө конушундагы Чытырбай көчөсүнүн тургундары былтыркы коюлган трансформатордун ушул кезге чейин ишке берилбей, аба чубалгысы тартылбай жатканына нааразы болушууда. Мындай иштин айынан алар электр энергиясынан кыйналып жаткандарын аймактык кабарчыга билдиришти.
Ат-Башы айыл өкмөтүнөн билдиришкендей Ат-Башы айылынын Ак-Өргө конушунда 2 трансформатор ,андан сырткары линия тартыла элек 1 трансформатор, Улан конушунда 1 трансформатор бар.
Ак-Өргө конушунун 46 жаштагы тургуну Алмаз Иса уулу электр энергиясы аябай начар болгондуктан чай кайнатып, нан бышырууга мүмкүн эместигин айтат.
“Биринчи кезекте электр энергиясы биздин көйгөй болуп келет. Былтыр айыл өкмөттөн келип подстанцияны коюп кеткен. Күзүндө электр энергиясын тартып ,линия тартып беребиз дешкен, андан дайын жок. Биз ушул эле жылы март айында айыл өкмөткө барсак тоң кеткенде 10 күндүн ичинде коюп беребиз дешкен. Бирок, эч бир дайын жок. Чытырбай көчөсүнүнүн тургундары кечинде чырак менен олтурабыз, нан бышпайт, катырап калат, чылап жейбиз (1 нан 1 сааттан ашык убакытта бышат), чай кайнабайт. Келип карап текшеришсе болот. Линиясын тартып трансформаторго электр энергиясын эртелетип кошуп берсе, көйгөйүбүз жок болмок, айыл өкмөткө арызданып дагы барбайт болчубуз”
Ак-Өргө конушунун 66 жаштагы тургуну Гүлнар Мамбетова өкмөт аларды карабай жатканын айтты.
“Кыш мезгилинде айрыкча бизге кыйын болду. Акырында көмүр дагы жок калды. Баласы барларга кыйын болду. Ушул жерде жашаганыбызга 30 жыл болду, өкмөттөн бизди карайбы Ак-Өргө конушу боюнча жаңы келип атканкандарды кошкондо жалпы 100гө жашайт. Чытырбай көчөсүндө 25 түтүн бар , 30 жылдан бери баарыбыз 1 фаза менен олтурабыз.Аны дагы эптеп өзүбүз тартып алганбыз. Айыл өкмөт же РЭС(Ат-Башы райондук электр тармактар ишканасы) карабайт”
Ушул эле конуштун тургуну Эрлан Салиев трансформатор эртерээк коюлса деген тилекте.
“Электр энергиясынан аябай кыйналып кеттик. Коюлган трансформатор аягына чейин бүтүп калса жакшы болот эле.Ушуну менен канча турат белгисиз. Жарыгыбыз болсо, жалпы жашоочуларга жакшы болот эле”-деп билдирди ал.
Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Кубан Жапаров быйылкы кышта Ак-Өргө конушунда электр энегиясынан көйгөй болбоорун жана трансформаторго линия тартуу иштери жакында бүтөөрүн айтты.
“Азыр линия тартып толук кошконго бюджеттен акчасы 247миң сом бөлүнгөн. Болжол менен 1,5 айдын тегерегинде бүтүп калат”-деп билдирди.