Чүй районундагы жолдо жаш жигит каза болду

turmush
Скачать
Просмотров: 9119
 
Опубликовано 22 Января 2021, 16:49

Чүй районунун Сайлык айыл аймагынын Жаңы-Чек айылында эки унаа кагышып, жаш жигит каза болду. Маалыматты Чүй ЖКККБнын басма сөз кызматы тастыктады.


Маалыматка ылайык, бүгүн, 22-январда саат 11:00 чамасында Бишкек—Балыкчы—Торугарт унаа жолунун 68-чакырымында «Хонда Одиссей» менен «Мерседес бенц спринтер» кагышты. Анын кесепетинен жеңил унаанын айдоочусу каза болду. Ал эми кичи жүк ташуучу унаанын айдоочу менен жүргүнчүсү ар кандай жаракат менен ооруканага кайрылышты.