Алай районунун Үч-Төбө айыл өкмөтүнө караштуу Шат жайлоосунан жергиликтүү мергендер, кечээ, 8-июль күнү, 6 карышкыр атышты. Бул тууралуу Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө жаратылыш аймактары департаментинин Алай районундагы аңчы адиси Алимбек Айдаров билдирди.