17 жаштагы саяпкер Абдил Бейшенбек уулу кочкорлуктардын күлүктөрүн таптап жатат. Аймактык кабарчы саяпкер менен маектешти.
Абдил Бейшенбек уулу 2003-жылы Кочкор районундагы Кара-Тоо айылында туулган. 1-класстан баштап 8-класска чейин Жумгал районундагы Таш-Дөбө айылындагы мектепте окуган. Ал 3-класстан баштап ат чаап жүрүп саяпкерчиликке кызыга баштаган. Азыркы учурда Кочкор районуна караштуу Кара-Тоо айылындагы Жамангул Тойгонбаев атындагы № 15 кесиптик лицейинде электромонтер бөлүмүндө окуп жатат. Ал ырдаганга да кызыгат.