Адамдар айыл өкмөттөр берген аныктама кагаз менен карантиндик посттон кирип чыга албайт

turmush
Скачать
Просмотров: 548
 
Опубликовано 28 Марта 2020, 11:58

Айыл өкмөттөр берген аныктама кагаз менен адамдар карантиндик посттон кирип чыга албайт. Бул тууралуу Ош шаары, Кара-Суу району жана Ноокат району боюнча комендант Малик Нурдинов брифинг учурунда билдирди.

Ага айыл өкмөт аныктама берсе посттордон кирип чыгууга болобу деген суроо берилди.

«Пропуск комендант тарабынан гана берилет. Ал эми айыл өкмөттөр аныктама берсе ал жарабайт. Муниципалдык кызматтар тарабынан аныктама берилсе алар да кирип чыгууга жарабайт. Анткени пропуск комендант тарабынан гана берилет», - деди ал.

Комендант буга катар эле обсервациядан чыккандар үйлөрүнө келе албай жатканы боюнча суроо комментарий берди.

«Бул боюнча саламаттыкты сактоо кызматкерлери менен кеңешип, алар кандай шартта иш алып барышат, ошого карап бул маселени чечип беребиз», - деди ал.