Жеңил унаа Чоң Чүй каналына кулап, 2 жигит мерт кетти

turmush
Скачать
Просмотров: 8208
 
Опубликовано 22 Февраля 2020, 10:48

Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Кант шаарында эки адамдын өмүрүн алган жол кырсык катталды.

Күбөлөрдүн айтымында, 19-февралдан 20-февралга караган түнү «Mercedes-Benz» үлгүсүндөгү автоунааны 28 жаштагы жигит башкарып бара жаткан. Полевой көчөсүнө жеткенде рулга ээ боло албай калган. Анын кесепетинен унаа жолдон чыгып, Чоң Чүй каналына кулаган. Кырсыктын айынан унаанын ичиндеги эки жигит мерт кеткен.

Күбөлөр кошумчалагандай, аталган унаа катуу ылдамдыкта бара жаткан.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгынан билдиришкендей, кырсык саат 00:15те болгон.

«28 жаштагы жигит Полевой көчөсүндө бара жатып рулду башкара албай калган. Мындан улам унаа жолдон чыгып, Чоң Чүй каналына кулаган. Кырсыктын кесепетинен айдоочу менен 22 жаштагы жүргүнчү каза тапты. Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып,тиешелүү экспертиза дайындалды. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат», - деп билдиришти аталган түзүмдөн.