Таластын Арал айылындагы окуучулар 6 улуттун маданиятын тааныштырышты

turmush
Скачать
Просмотров: 142
 
Опубликовано 21 Февраля 2020, 13:14

Талас районунун Арал айылындагы М.Сейталиев атындагы орто мектепте 21-февраль – Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүнө карата «Тил достуктун ачкычы» аттуу чоң иш-чара өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга кыргыз тилчи мугалим Венера Балыбаева билдирди.
Анын айтымында, ага 5-10-класстардын окуучулары катышты. Алар 6 улуттун маданиятын, тилин, үрп-адатын, каада-салтын көрсөтүп беришти.
«Бул сынак балдардын дүйнө таануусуна өтө чоң өбөлгө түздү деп ойлойм. Анткени окуучулар өздөрүнө бөлүнгөн улуттун тилинде учурашып, улуттук бийин бийлешип, ар бир улуттун ашканасы жөнүндө кенен түшүнүк беришти. Жыйынтыгында мыкты деп табылган тайпалар мектептин мактоо баракчасы, кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйланышты», - деди мугалим.