Баткен шаарында россиялык гезиттин аллеясы ачылды

turmush
Скачать
Просмотров: 242
 
Опубликовано 17 Января 2020, 13:21

Бүгүн, 17-январда Баткен шаарында «Российская газета» аллеясы ачылды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.
Маалым болгондой, иш-чарага өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров, Баткен шаарынын мэри Мамыржан Рахимов баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, «Российская газета» гезитинин башкы редактору Дмитрий Евлашков жана облустагы журналисттер катышты. Облустук өкүлчүлүктүн имаратынын алдына бак тигилип, атайын тактайча орнотулду. Облус башчысы өкүлчүлүктүн айланасына курулуп жаткан сейил бакта журналисттердин аллеясы да түзүлөрүн белгиледи.