Кочкор районундагы бала бакчаларда «Манас» эпосунун күнү белгиленди. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнөн билдиришти.
«Манас» күнү Кочкор районундагы «Айсулуу-К», «Бусурманкул уулу Шаабай» , «Теңдик–Алтын Балалык», «Барчын-Уя», «Маматкул-Баба», «Аруузат», «Бүчүр-Таалай», «Асел», «Сакин апа», «Балаты-нуру» аттуу бала бакчаларда жогорку уюшкандыкта өттү.
Иш-чараларда бөбөктөр «Манас» эпосунан үзүндү айтышып, эпостогу окуяларды сахналаштырып көргөзүштү. Ошону менен Манас деген ким болгонун, анын элди-жерди коргоодогу эрдиктери тууралуу бөбөктөр оозеки айтып беришти.