Эл ичи – өнөр кенчи: А.Максатов айылда машыгып, эр таймаштарда ийгиликтерди жаратып жатат

turmush
Скачать
Просмотров: 572
 
Опубликовано 6 Декабря 2019, 17:14

Талас районунун Талды-Булак айылынын 24 жаштагы тургуну Акай Максатов эр таймаштарга катышып келе жатат. Аймактык кабарчы мушкер жигит менен таанышты.

Анын айтымында, кесибим боюнча юрист.

«Атам убагында спорт менен машыгып, күрөшүп жүрчү экен. Эгер атам болгондо балким атагы чыккан спортчу болмок деп ойлоп калам. Улууакем дагы убагында бокс менен машыккан. Мени биринчилерден болуп спортко жетелеген атам болгон. Менин атагы чыккан спортчу болуумду кыялданчу. 10 жашымда айылдагы залга алып барган. Анда бокс менен машыга баштагам. Бокс менен 5 жыл машыгып, ийгиликтерди багындырып келдим. 5 жылдан кийин эрежесиз эр таймаш боюнча машыга баштагым. Учурда 61 кг салмакта мелдешке чыгам. Айылыбыз да атайын машыгуу залы бар. Ал жерде бардык шарттар түзүлгөн. Күнүгө барып машыгып турабыз. Кыздарга спорт менен машыккан жигиттер жагат экен деп угуп калдым (күлүп).

Спортто жеңил жашоо болбойт. Баарына чыдаш керек. Кыйынчылыктын арты менен чоң ийгиликтерге жетсең болот. Убагында мен дагы кыйналгам. Жаракат алгам, жеңишим керек деп барып жеңилип калган күндөрүм, жеңилем деп ойлоп жеңишке жетип алган күндөрүм болгон. 2013- жылдан 2019-жылга чейин бир топ таймаштарга катыштым. Арасында 1-2-3-орунга ээ болгон учурларым да бар. Машыктыруучу агаларым Береке Токтоболотов, Калыс Камчыбеков жана Алик Алиев. Аларга терең ыраазычылык билдирем. Учурда 20-декабрда Казакстанда өтө турган мелдешке даярдык көрүп жатам. Жакшы жаңылык менен кайтууга аракет көрүп жатабыз», - деди ал.

Мушкер жигит үй-бүлөдө 3 бир туугандын кенжеси.